Аида Касымалиева: "Шайлоодо эл аралык байкоочулардын ыңгайлуу иштеши үчүн тийиштүү шарттар түзүлүүдө"

25-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу, төраганын орун басары Аида Касымалиева менен депутат Айнуру Алтыбаева Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин отурумуна катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Отурумдун күн тартибинде алгач КМШ ПААнын Кеңешинин төрагасын дайындоо маселеси каралып, Валентина Матвиенко төрайым болуп шайланды. Мындан сырткары КМШга мүчө мамлекеттердеги шайлоолорго байкоо жүргүзүүнү уюштуруу тууралуу сөз болуп, III Евразиялык аялдар форумунун жана Балдар шериктештигинин VI эл аралык маданий-агартуу форумунун жыйынтыктары талкууланды.

Ошондой эле отурумдун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүгө карата даярдык боюнча баяндама жасалып, парламент жетекчилерине Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу, төраганын орун басары Аида Касымалиева маалымат берди.

“Алдыда бизди дагы бир маанилүү окуя күтүп турат. Тагыраагы, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоо өтөт. Азыр мамлекет башчынын, парламенттин, министрлер кабинетинин бардык аракеттери бул шайлоонун эл аралык стандарттарга ылайык ачык-айкын жана эркин болушуна багытталган. Бул үчүн бардык талаптар каралып, анын ичинде эпидемиологиялык чаралар, ошондой эле эл аралык байкоочулардын жемиштүү жана ыңгайлуу иштеши үчүн тийиштүү шарттар түзүлүүдө", - деди.

Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө мамлекеттердин алакасын чыңдоо боюнча пикир алмашып, анын ичинен парламенттик кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Кошумчалай кетсек, КМШ ПАА 1992-жылы 27-мартта түзүлгөн. Тогуз мамлекеттин парламенттери мүчөлүк кылган Ассамблеянын башкы кеӊсеси Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан