Талапкер Сүйүнбек Өмүрзаков: "Урматтуу кыргыз элим"

Тектеш кабарлар: Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо - 2021 (430 материал)

"Башка талапкерлерге кандай, бирок мен үчүн шайлоо өнөктүгүнүн үгүт ишине берилген убакыт тез эле өтүп кеткендей, көз-ачып жумгандай эле ирмемде өттү. Бул аралыкта жергебиздин көптөгөн жерлеринде болуп, шайлоочулар менен жолугуштум, сүйлөштүм, көйгөйлөргө токтолдук. Баарынан улуу журтумдун батасын алдым.
Урматтуу, мекендештерим, мен жолуга албай, мен бара албай калган да жерлер болду. Ошентсе да ар бир талапкердин келечек үчүн түзгөн программаларын, пландарын эске алып, мамлекетибиз үчүн ак дилден кызмат кылган атуулдарыбызды шайлайбыз го деген үмүттөмүн. Көр тирилигибизди ойлоп, добушубузду сатпайбыз го деген ишенимдемин. Элибизди ойлогон, элибизге күйө турган, келечекке кадамы ишеничтүү талапкерлерди жаңылбай тандайлы.
Өлкөбүздүн келечеги - сиздердин таза, адилеттүү добушуңузда!
Ишенимдүү кадамдар - келечеги кең өлкө!"

Өмүрзаков Сүйүнбек №11.

"Ишеним" саясий партиясынын буюртмасы боюнча "Супер.кж" ЖЧКсы тарабынан 2021-жылдын 26-ноябрында чыгарылды. Дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109, 4-кабат. Нускасы: 1 даана. "Ишеним" партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдакунова Эльвира Алмазбековна тарабынан төлөндү (Күбөлүк №6 01.09.2021-ж).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан