Бир мандаттуу округ боюнча дагы эки талапкер парламенттик шайлоого катышуудан баш тартышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында белгилүү болду.
Ахматжан Мамутов №23 Москва округунан жана Айнагуль Самудинова №32 Кочкор округунан шайлоого аттанып жатышкан. Алар шайлоого катышуудан баш тартуу боюнча БШКга арыз менен кайрылышкан.