#ГалстукТар долбоорунун коногу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Турсунбай Бакир уулу болду. Ал эмне үчүн парламенттик шайлоого аттанып жаткандыгы тууралуу, үй-бүлөсү жөнүндө жана буга чейин аткарган иштери боюнча айтып берди.
Талапкер үч журналисттин үч багыттагы суроолоруна жооп берди.
- Футболчу, музыкант, орус тилчи мугалим болууну кыялданган Турсунбай Бакир уулу эмнеден улам саясатчы болуп калды?
- Мектепте окуп жүргөндө космонавт болууну кыялдангам. Бирок 8-класста окуп жатканда көрүүм начарлап, космонавт болом деген кыялым менен коштоштум. Бала чактан бери футболду жакшы ойночумун. Украинадагы спорт окуу жайына окууга өттүм, бирок аскерге чакыруу келгендиктен окууну улантууга мүмкүн болгон жок. Журналист болоюн деген оюм бар болчу. Бирок тагдырдын буйругу менен тарых факультетине тапшырып калдым. Кийин Киев шаарынан философия илими боюнча билим алып келдим. Учурда философия илиминин кандидатымын. Журналист боло албасам да макалаларым жарыяланып турду. Кийин депутат, саясатчы жана алгачкы дипломаттардан болдум.
- Дээрлик 30 жылдан бери жооптуу кызматтарды аркалап келдиңиз. Албетте, бул жылдар аралыгында көптөгөн ийгиликтерге жеттиңиз. Кыргыз эли үчүн жасаган 3-4 чоң эмгегиңизди атап өтсөңүз?
- 1999-жылы Кыргыз жергесине Ооганстандан келген ислам-өзбек аракетинин можахеттери бир нече кыргыз айылын басып, айрым адамдарды туткунга алышкан. Мен ошондо президент Аскар Акаевге "мени дипломат, укук коргоочу, мекенчил жана мусулман катарында Ооганстанга жөнөтүңүз, барып маселени чечип келейин" деп кат жазгам. Мен ошондо ызы-чууну басып, туткундагы жарандарды бошотком. Экинчиси, тунгуч акыйкатчы болуп 2002-жылы иштеп баштагам. Беш жылда 160 миң адамдын арызын кабыл алып, ар бир үчүнчү адамдын укугун коргоп бергем. Көчөдөн мени акыйкатчы катары таанышат. Анткени бардык түрмөлөрдү текшерип, андагы жазасын өтөп жаткандардын баары менен жолугуп чыккам. Күнөөсү жок болсо чыгарууга аракет кылдым. Үчүнчүсү, Кыргыз мамлекети көп улуттуу мамлекет болгондон кийин 1990-жылы жана 2010-жылы кыргыз-өзбек элинде чуу чыгып, кан төгүү болду. Мен колдон келишинче пикирлештерим менен "Түрк атанын балдары" аттуу фонд түзүп, эки элди жараштырууга аракет кылдым. Эки элге бирдей материалдык жардамдарды бердик.
- Азыркы учурда айрымдар эски жүздөрдөн тажагандай пикирлерин айтып жатышат. Сиз дагы эски жүздөгү саясатчылардын катарына киресиз, мындай пикирлерге кандай карайсыз жана эмне деп жооп бересиз?
- Бул суроону социалдык тармактардан көп беришет. Эски жүздөр дегенде эле баарын түрү суук көрүшөт. "Мени карагылачы, кандай "красавчикмин". Кантип тажайсыңар менден?" деп тамашалайм. Дайыма жакшы, жаманды ылгаш керек. Керек болсо качып кеткен президенттердин да жакшы жактарын издөө керек. Качып кеткенден кийин аны жамандоо баатырдык деп эсептелбейт. Эски жүздөр тууралуу кеп болуп жатканда ал таза инсанбы же кошоматчыбы караш керек. Мен азыр жерди сатып сындалгандардын арасында эч качан болгон эмесмин.
- Шарият жолунда жашаганыңызды коомчулукка ачык билдирип келесиз. Аны жакшы да, жаман да көргөндөр бар. Айрымдары жаман көрүп, сиздин жеке турмушуңузга дагы кийлигишип кетишет. Ошондой учурда ачууңузду кантип басасыз?
- Мен жубайыма асыла кетишсе ачууланам. Жубайыма "мен сени өлтүрөм" деп жазгандарга таң калам. Мени "Хизбуд-Тахрирге" байланыштырып же аялыңыз көп жана жаш деп асылышат. Бирөө жаман кепти баштаса, башкалары улап кетет. Биринчи аялым залалдуу шишик дартынан улам өтүп кеткен. Эркек жалгыз жашай албайт экен. Актриса аялым мага өзү турмушка чыгам деген. Бирок кайын энем жашатпай койду. Эки балам бар. Жеке жашоомо асылгандарга айтат элем, "силер бир жолу менин сойкуканага барганымды уктуңарбы? Жок, мен ак никелүү аялым менен жашайм. Көңүлдөш, сойку дегендерден алыс болгула.
- Сиз Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып калсаңыз кандай маселелерди көтөрүп чыгасыз?
- Мурунку талапкер мурдагы программасы менен чыгып жатат. Акча таратып, ар нерсени убада кылып жатышат. Азыр акчалуулар эмес, мыйзам жаза турган, "башы иштеген" депутаттар керек. Мен мыйзамдарды көп жазган депутаттардын 10 тобуна кирем. Азыр да даярмын.
- БШК сиз жетектеген "Эркин Кыргызстан" партиясын каттоодон баш тарткан, андан соң дароо эле "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын тизмесинен сизди көрүп калдык. Саясатчыларды партиядан партияга өтүп, өздөрүнүн принциптери жок деп сындашат эмеспи.
- Беш кол тең эмес. Эгерде эптеп бийликке келем дегендер болсо, аларды сындаш керек. Айрымдар эл үчүн кызмат кылууну самап депутаттыкка аттанышат. Бирок аларды жолотпой коюшат. Бизди да БШК шайлоодон четтетип койду. Бир мандаттуу округдан чыгайын деп жатсам "Ата Журт Кыргызстан" партиясынан сунуш түшүп калды. Мен бүгүнкү күндө аймактарды кыдырып жүрөм. Башка партиялардан да сунуш түштү. Бирок алардын программалары мага ылайык келген жок.
- Өзүңүзгө-өзүңүз “Кыргыз өлкөсү мен үчүн...?” деген суроону берип көрдүңүз беле?
- Көп жолу бергем. Киевде окуп жатканда менде Канадага көчүп кетүүгө мүмкүнчүлүк бар эле. Өзгөчө илимдүү, билимдүүлөр чет өлкөгө чыгып жатканда мен дагы чыгып кетсем деп ойлойсуң. "Башка жерде султан болгончо, өз элиңде ултан бол" деген макалды көп эстейм. Жаманбы, жакшыбы мекендештериме пайдам ушул жерден тиет. Кыргыз мамлекети өзгөрүлсө, мен өз максатыма жеткен болом.
- 2019-жылы Сооронбай Жээнбековго Кыргыз-Тажик чек арасында болгон кагылышуулардан улам "коңшулар менен кыргыздын атынан тең ата болуп сүйлөшөйүн" деп кайрылуу жасадыңыз эле. Бүгүнкү күндө чек ара маселеси боюнча пикириңиз кандай?
- Мен дайыма чек ара маселесин көтөрүп келгем. Өкмөттүн шалаакылыгынан бир топ жерлерибиз башка элге өтүп кетти. Коңшулар "кыргыздар жерлерин башкаларга бере берет экен, бизге да берсин деп" талап кылып жатат. Бул өңдүү маселелерди ачык чечүү керек. Эл телевизордон көрүшү зарыл. Элдин колдоосу менен маселени чечип алсак, башка элдер бизди көрүп, кыргыздар барып Ак Үйдү басып алышат экен деп эсептешип калышат. Бүгүнкү күндө чакан топ барып, акча менен маселени чечип келип жатат. Чек ара маселеси боюнча менде тажрыйба бар. Убагында Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековго кайрылгам. Бирок экөөнөн тең жооп болгон жок. Эми депутат болуп барсам, бул маселени чечүүгө аракет кылам.
- Сизди президенттикке талапкерлигин коюу боюнча рекордсмен деп айтышат. Президенттик шайлоого жеңишке жетем деп аттанасызбы же башка максаттар мененби?
- Раматылык байбичем "эгер президенттикке талапкерлигиңизди койбосоңуз, үй салып же унаа алат элек" деп айтып калчу. Ооба, ар бир президент келгенде "мен таза шайлоо өткөрөм" дейт. А мен ишенчээкмин. Бирок таза шайлоо болбой жатты. Ар бир саясатчынын программасы ишке ашыш үчүн ал мамлекеттин башында турушу керек. Болбосо ал ишке ашпайт. Алла Тааланын буйругу жок экен, капачылыгым жок. Ооба, мен бардык президенттик шайлоолорго катышып келе жатам. Эки жолу мени алып коюшту.
- Бала тарбиялоодо атанын орду чоң. Көп баланы тарбиялап келе жаткан ата катары да белгилүүсүз. Атанын бала тарбиялоодогу орду кандай?
- 12 балам бар. Алты кыз, алты уул. Улуусу Орусияда мигрант болуп жүрдү эле, жакында кайтып келди. Азыр айылда жашайт. Улуу кызым Ошто турат. Ал беш балалуу болду. Менин сүйүнгөнүм балдарым мага капа эмес. Алар "ата, сиз эмне үчүн хан сарай куруп койгон жоксуз?" деп сурашпайт. Мен аларга шарият жолунда жүрүп күнөө иштерди жасай албай турганымды айткам. Алар дароо түшүнүштү. Үч ирет депутат болгон тунгуч акыйкатчынын балдары жөнөкөй жашайт. Балдарым бүгүнкү күндө өз тармагында жакшы ийгиликтерге жетишип келе жатышат.
- Демейде дипломат болгондор же бир чакырылышка депутат болгондор мөөнөтү бүткөн соң саясий аренадан салмагын да, атын да жоготуп алат. Сиз эч бир кызматта жок учурда да атыңыз аталып, сакталып жүрдү. Саясий салмакты жоготпоонун сыры барбы?
- Эгер саясатчы болсоң "до конца" саясатчы болушуң керек. Орто жолдон ары-бери секирүү туура эмес.
- Галстуктар долбоорунун конокторунан айырмаланып "бабочка" тагынып келдиңиз. Мунун символикалык мааниси барбы?
- Мен бул программаны көрүп турам жана сыйлайм. Бул шайлоонун алдындагы эң маанилүү жолугушуу. Ошондуктан дипломат катарында ар бир маанилүү окуяга галстуктун "бабочка" түрүн тагынып барышым керек. Анан талапкерлердин арасынан жалгыз мен дипломат экенмин.
- Сиз дипломатия тармагында жүргөндүктөн көп тилдерди билсеңиз керек?
- Мен дипломат болгонго чейин көп тилди үйрөнгөм. Дипломат болгондон кийин бир да жаңы тилди үйрөнгөн жокмун. Ага чейин 7 тилди өздөштүргөм. Анын бүгүнкү күндө да пайдасы көп тийип жатат. Чек ара боюнча тажиктер менен сүйлөшөм дегенимдин бир себеби ушундан. Эгерде алар каратып туруп калп айтып же шыбырашып жатышса мен түшүнөм. Анткени фарс тилин билем. Санап өтсөм өзбек, орус, англис, фарс, украин, түрк жана эне тилим. Сегизинчи тилди өздөштүрүү кыйын болуп жатат, бул аялдын тили.
- Бизге келген ар бир конок өзүнүн өнөрүн көрсөтүп же сырын таштап кетиши керек. Биз да сизден ошону талап кылалы...
- Бала кезде футбол ойноп жүргөндө мени баары "Пеле" деп коюшчу. Үйгө келип балдар мени "Пеле" деп чакырышчу эле. Апам аны түшүнбөй "балам, эмне деп кыйкырып жатышат?" деп калчу. "Апа, мени чакырып жатышат" дечүмүн. Азыр башка белгилүү спортчулар өтүп кетсе да, футболдун королу Пеле тирүү экен. Бразилияда жашайт. Ошону бир көрөйүн деген кыялым бар. Анткени анын атын көп жылдан бери футбол аянтчасында көтөрүп жүрөм. Дайыма Пеле мен көрмөйүнчө өлбөй турса экен деп тилек кылам. Андан сырткары мурун 13 балалуу болсом экен деп кыялданчумун. Азыр 12 балам бар. Кудайга шүгүр, жакында жубайым көз жарат, 13-наристемдин жытын искөөнү Кудайым насип кылса экен деген үмүттөмүн.
- Элге кайрылып алуу үчүн сизге эркин микрофон.
- Кымбаттуу элим, кайсы улуттан болбогула, кайсы жерде жашабагыла, бир өтүнүчүм бар. Бүгүнкү күнү жаңы бийлик бизге мүмкүнчүлүк берип жатат. Эми биз мүмкүнчүлүктү пайдаланып, парламенттик бийликти тазалап берели. Байларды, кокустан барып калгандарды, өз кызыкчылыгын ойлогондорду шайлабагыла. 1990-жылдары Кыргыз өлкөсү демократиянын аралчасы деп тарыхта калдык эле, азыр эң таза өлкө болуп тарыхта калалы. Өзгөчө бүгүнкү күнү коррупция менен катуу күрөшүп жатканда, тышкы карызыбыз 5 миллиард доллар болгондо татыктуу талапкерлерди тандап алалы. Ар бириңердин жашооңор мыйзам менен өзгөрүлөт. Бирөө келип өзгөртөм десе, ал өзүнүн айылын, округун өзгөртөт. Өлкө боюнча элдин жашоосун өзгөртө турган - жаңы Жогорку Кеңеш. Жаңы Жогорку Кеңешке илимдүү, билимдүү, колунан иш келгендер келиш керек. Мүмкүнчүлүктү колдонолу. Алла Таала мүмкүнчүлүк берген учурда акчага алдана турган болсок кечирбейт. Ошондуктан алданбай шайлоону таза өткөрөлү.
«Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын буйрутмасы боюнча, "Супер кж" ЖЧКсы тарабынан 2021-жылдын 19-ноябрында чыгарылды. Нускасы 1 даана. Дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109, 4-кабат. "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).