Бүгүн, 28-ноябрь күнү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы №1142 шайлоо тилкесинде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди. Андан соң журналисттердин суроолоруна жооп берди.
"Биринчи жолу Кыргыз өлкөсүндө өкмөт, президенттин администрациясы президенттин жарлыгына ылайык шарт гана түзүп берүүгө ниет кылып, ошонун үстүндө иштедик. Шайлоого аралашып үгүт иштерине катышкан кызматкерлерибизди жазаладык. Кээ бирлер жумуштан таптакыр четтетилди. Кээ бирлерине сөгүш жарыяладык", - деди Жапаров.