Бир мандаттуу округдан шайлоого талапкер Камчыбек Жолдошбаевди Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоодон четтетти. Мындай чечимди БШКнын комиссиясы бүгүн, 18-ноябрда отурумда кабыл алды.
"Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Камчыбек Жолдошбаев шайлоочулардын добушун кудасы аркылуу сатып алганын билдирген. Тергөөнүн жүрүшүндө талапкердин үгүтчүлөрүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, акча каражаты, шайлоочулардын тизмеси табылган. Тиешелүү органдардын маалыматынын негизинде Жолдошбаевдин каттоосу жокко чыгарылды", - дешти мекемеден.
Камчыбек Жолдошбаев Бишкек шаары боюнча №26 Ленин округунан парламенттик шайлоого талапкерлигин койгон.