БШК тарабынан 20 депутаттыкка талапкерге кат жүзүндө эскертүү берилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров маалымат жыйында билдирди.
"Жалпысынан 106 мыйзам бузуучулук боюнча 7 иш сотко жөнөтүлдү. 15 иш боюнча тергөө аракеттери жүрүп жатат. БШК тарабынан 20 депутаттыкка талапкерге кат жүзүндө эскертүү берилди. Экинчи жолу кат жүзүндө эскертүү берилсе, партияга же талапкерди каттоо маселеси каралып калышы мүмкүн. 35 жаранга (алардын катарында талапкерлер да бар) айып пул салынды. Бүгүнкү күндө кайрылуулар келип түшүп жатат. Шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча фактылар болду. Тергөө иштери жүрүп жатат. Укук коргоо органдарынан кыска мөөнөттө так маалымат берүүнү сурандык. БШК тиешелүү чараларды көрөбүз", - дейт ал.