Борбордук шайлоо комиссиясы Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетүү чечимин кабыл алды. Бул боюнча чечим бүгүн, 24-ноябрда кабыл алынды.
Жыйында БШКнын өкүлү Билим берүү жана илим министрлиги Рыскелди Момбеков 1997-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине тапшырганы жана 2003-жылы окуу жайды бүтүргөнү тууралуу архивдик материалдарда документтер табылбаганын билдиргенин айтты.
Ал "Социал-демократтар" партиясынан шайлоого аттанган.
Буга чейин Рыскелди Момбеков жогорку билими боюнча дипломду мыйзамсыз алганын УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгынан маалымдаган. "Социал-демократтар" партиясынан Рыскелди Момбековдун жасалма диплому бар деген УКМКнын билдирүүсүнө комментарий берип, дипломдун күтүүсүздөн текшерилиши оппозициядагы депутатка басым жасоо аракети менен түшүндүрүшкөн.