Маркум Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектелген адам кармалганы айтылууда

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси, маркум Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактар өздүк булактарына таянуу менен жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, шектелип кармалган Санжар Сапарбековдун баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту караган.

Ал эми ИИМдин маалымат кызматы бул маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.

Айта кетсек, Медет Садыркулов 2007-жылдын 16-апрелинен 2009-жылдын 8-январына чейин президенттин администрация жетекчиси кызматында иштеп келген. 2009-жылдын 8-январында өз каалоосу менен отставкага кеткен. Ал эми 2009-жылы 13-мартта өлтүрүлгөн. Бул кылмышка шектелгендердин бири Рустам Сайдиев сыртынан соттолгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан