Бүгүн, 28-ноябрь өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү. Шайлоодо 21 саясий партия, бир мандаттуу округдан 282 талапкер ат салышууда. Кыргыз өлкөсүндө жалпы шайлоочулардын саны 3 миллион 703 миң 420ны түзөт. Саат 14:00гө карата 602 миң 432 шайлоочу добуш берди.
Ал эми саат 14:00гө карата чет мамлекетте 2 миң 720 шайлоочу добуш берди. Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 4 миң 773 жаран шайлоого катыша алат.
Аталган шаарда жашап жаткан мекендешибиз Карачач Тазабек кызына байланышканыбызда, шайлоого катышып, жарандык милдетин аткаргандыгын айтты.
"Санкт-Петербургдагы консулдукка келип, жарандык милдетимди аткардым. Консулдукка жалпысынан 4 миң 773 жарандын тизмеси илинген. Аба ырайынын сууктугуна карабастан келген шайлоочулардын маанайы жакшы. Ар бир добуш маанилүү, андыктан кайдыгер карабастан атуулдук милдетибизди аткаралы, замандаштар", - деди ал.