Биз социалдык тармакта

Канат Исаев парламенттик шайлоого бир мандаттуу аймактан талапкер болот

Канат Исаев Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу округдан талапкер катары көрсөтүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

"2021-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына талапкер (өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен) Исаев Канатбек Кедейкановичтен Чүй облусунун Кемин №31 округуна талапкер катары катышуу тууралуу арыз келип түшкөн", - деп билдиришти БШКдан.

Белгилей кетсек, Канат Исаев 2015-жылдын май айынан бери "Кыргызстан" саясий партиясынын лидери.

Талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда, тагыраагы 13-октябрда саат 18:00дө аяктайт. Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.

Буга чейин БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча арыз бергендердин тизмеси бул шилтемеде.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kuban-1207
2021-09-20 11:18:50
Бул чимкириктер кычады го жегичтер
+6
Senator
2021-09-20 12:04:38
Шайлабагыла чимкириктерди,
+6
modem4999
2021-09-20 12:49:05
Чимкирик болсо да Жапаровдун тарабына ото качан жок, эркектик касиети бар экен деп калдым, жердештери шайлап берет болуш керек.
-2
make2
2021-09-20 13:20:22
modem4999,туура чимкириктер менен коррупцинерлер Сакене кошулуп кеттиго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан