БШК шайлоодо системанын иштебей калышынын себептерин түшүндүрдү

Борбордук шайлоо комиссиясы добуштарды эсептөө маалында болгон сайттагы катачылыктар боюнча расмий маалымат таратты.

"Жалпы элге жана кабыл алууга түшүнүктүү болуш үчүн БШК добуш берүүлөр тууралуу маалыматтарды таблица түрүндө жөнөкөй тил менен берет. Сиздер көрүп турган жашыл квадраттын ичи участкалык шайлоо урналар менен БШКда жайгашкан сервер. 20:00дөн кийин участкалык комиссия бардык мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөлүндө автоматташтырылган эсептөөчү урнанын (АСУ) жыйынтыктоочу отчётун (чекти) басып чыгарат. Ошол эле учурда автоматташтырылган эсептөөчү урнанын (АСУнун) маалыматтары АСУнун жыйынтыктоочу отчёту басылып чыгары менен автоматтык түрдө дароо серверге жөнөтүлөт.

Сервер болсо маалыматтарды автоматтык түрдө кызыл квадрат менен белгиленген, БШКнын Маалыматтык шайлоо системасынын сайтына жарыялайт. БШК адиси Маалыматтык шайлоо системасынын сайтына АСУдан алган маалыматтарды жарыялоодо санды жаңылышып эки жолу көбөйтүп алган (калькуляциялоодогу механикалык ката). Бир нече убакыттан кийин БШК адиси маалыматтарды визуалдаштыруудагы формуланы оңдогон. Мында белгилей кетчү жагдай, АСУда да (автоматташтырылган эсептөөчү урна) жана негизги системада да маалыматтар өзгөрүүсүз калат. Аталган система иши үзгүлтүккө учурабайт, жаңылбайт. Бүгүн да так иштеп жатат. Бул жаңылыштык өтпөй калган эле партияларга эле эмес, бардыгына бирдей болгон", - деп жазылган маалыматта.

Андан сырткары урна (АСУ) менен серверге кирем десе да эч кире албаарын, ал автоматташтырылган компьютер системасы экендиги жазылган.

"Адам фактору аралаша албайт. Сервер болгону добуштарды эсептеп чыгарып берет. Тагыраак айтканда, шайлоо бүтөрү менен жыйынтыгын алдын ала чыгарып берүүчү гана ролду аткарат. Ал эми акыркы так жыйынтыкты кол менен санап бүткөндөн кийин гана чыгарабыз. Мыйзам боюнча да кол менен санап бүткөндөн кийинки жыйынтык мыйзамдуу деп эсептелет.

Бирок ошондо да, сервер берген жыйынтык менен колго санаган жыйынтыктын ортосунда анча көп айырма чыкпайт. Себеби, АСУ (урна) жараксыз деп эсептеген бюллетендерди байкоочулар менен комиссиялар жарактуу деп эсептеген учурлар болот.

Анткени шайлоочулар койгон "галочка" квадраттан чыгып кетсе, АСУ (урна) аны жараксыз деп эсептеп коёт. Аны участкалык комиссия менен байкоочулар макулдашып, жарактуу десе, тийиштүү акт түзүлүп, катышкандар бардыгы кол коюп, ал бюллетендер жарактуу болуп эсептелет.

Кол менен саноо талапкерлердин, партия жана коомдук уюмдардын байкоочуларынын катышуусунда ачык-айкын жүргүзүлөт.

Бизде жашыра турган эч нерсе жок. Ошондуктан бардык нааразы болгон тараптарды кол менен санаганга катышууга чакырып жатабыз. Келиңиздер. Катышыңыздар. Кол менен санап чыгуу үчүн 2-3 күн убакыт кетет. Бизде жашыруун эч нерсе жок. Ал эми БШК бюллетендерди түнү менен алмаштырат деп күмөн санап жаткан саясатчыларга айтарыбыз: бизде жалпысынан республика боюнча 31 миң шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бар.

Алардын арасында сиздердин да өкүлдөрүңөр бар да. Анан элестетиңиздер, 31 миң адам менен бюллетендерди көтөрүп алып алмаштырып чуркап жүргөнүбүздү. Бул абсурд. Азыркы убакта кыңыр иш кырк мүнөттө эле билинип калган заман. Бири-бирибизден күмөн санабай эле коёлу. Ар бир берилген добуш, 100 пайыз шайлоочулардын өздөрүнө таандык. Биз аны толук камсыз кылабыз", - деп жазылган маалыматта.

Белгилей кетсек, 28-ноябрда шайлоо тилкелери жабылган соң БШКнын сайты алдын ала жыйынтыктар келе баштагандан кийин мүчүлүштүктөр пайда болуп, сайт бир аз убакытка иштебей туруп калган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Antiradikal10
2021-11-30 14:42:32
Соз жок. Операциясы бутуп, баары жай-жайына тушкондон кийин актанып башташты.

Менин божомолум боюнча эн алгач электрондук урналардагы маалыматтар озгоргон. Ташталган бюллетендердин саны озгоргон эмес. Болгону Х партиясына ташталган бюллетендердин 20-30%ти У партиясына ташталган деп корсотулушу мумкун. Шайлоо комиссиялары биринчи электрондук протоколдор менен таашышышты. Артынан ташталган бюллетендерди санап чыгышты. Протоколдогу цифра менен саналган бюллетендердин саны дал келди
0
Antiradikal10
2021-11-30 14:47:03
И все. Баары нормально экен деп протоколдорго кол коюп, ашыкча бюллетендерди кыркып, бюллетендерди кутуга салып, моор басып андан ары жонотуп коюп тарап кетишти.

Операция "Ы" шайлоо участкаларында эмес, шайлоо буткондон кийин шайлоо бюллетендери чогулган жайларда орун алган. Район же облус борборлорунда. Туну. Шайлоо комиссиялары тарап кеткенден кийин... Шайлоо буткон сон шайлоо участкаларынан урнага ташталган бюллетендер эсептелип бутуп бир кутуга салынып бир жерде топтолот
0
Antiradikal10
2021-11-30 14:56:35
Ошол жерде туну операция жургузушту. Шайлоо жыйынтыктарына бюллетендерди тууралашты. Бюллетендерди алмаштырышып, баарын электрондук шайлоо жыйынтыгына тууралап туруп кайра кутуларга салып, башынан моор басып, подпистерди окшоштуруп коюшуп, артын тазалап чыгышты. Эч ким эч кандай илинчек таба албай турган кылып.....

Мисалы Бакыт Торобаев, эл колдогон бириби? Ошого эл 18минден ашуун добуш берет деп ишенесинерби? Коп партиялар аран 18мин добуш алып жатат го.
+2
Antiradikal10
2021-11-30 15:02:06
Эгер Торобаев эл жакшы коргон талапкер болсо мейли эле. Торобаевдин 18минден ашуун добуш алуусу, Исмаилов Фархат деген эл тааныбаган бири озу 16 500 добуш алуусу, Ташиевдин досу Токторбаев деген бири тогуз жарым мин добуш алуусу чындыктан алыс деп эсептеймин...

Ишеним менен Ынтымактын добуштарыны да. Эрулан Кокулов 18 миндей добуш алганы менен, Ынтымак партиясы 140 миндей добуш алып жатат. Эруландын добушу партиясынын добушунун 12-15%тин гана тузуп жатат. Фальсификация болгон.
+4
Fernando_Torres
2021-11-30 15:16:50
Антарктида сен биринчи билесинби сузактык болот торобаев сузакта 500 жуз мин Эл жашайт торобаевды 3 айыл эле шайлап койду бары шайлаганда дагы кобурок болмок
-1
Sanjura
2021-11-30 15:55:23
Автоматтык эсептөөчү урнаңар ар бир шайлоо участогунда 10дон 20га чейин добуш кошуп коюп атат.Мисалы бийликтин партиясына берилген добуштардын саны 50 болсо, жалпы жыйынтык 58-63 деп чыгып жатат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан