Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого жол берилбей турганын билдирди

Коопсуздук кеңешинин катчысы, парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси Марат Иманкулов Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого жол берилбей турганын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Айрым партиялар шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп жазып жатышат. Биз ага жол бербейбиз. Мындай саясатты атайын жүргүзгөн жокпуз. Бул ачык шайлоо. Коркуп-үркө турган эч нерсе жок. Партия лидерлери, келгиле, ар бир бюллетенди текшерип чыкканга даярбыз. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы кол менен санаганда гана чыгат. АСУнуку (автоматтык эсептөө урнасы) алдын ала жыйынтык. Бүгүн-эртең бардык шарттарды түзүп беребиз, партия мүчөлөрү менен ар бир шайлоо участкасынан чыккан бюллетендерди санап чыгабыз. Баарын кайра текшерип чыкканга даярбыз. Биз шайлоонун жыйынтыгын бурмалаганга жол бербейбиз", - деп жазды Иманкулов.

Өлкөдө парламенттик шайлоо кечээ, 28-ноябрда болуп өттү. Бүгүн, 29-ноябрь саат 11:00гө карата 5 пайыздык босого чектен өттү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан