Административдик ресурсту колдонуу фактысы боюнча 49 иш катталып, 7 факты боюнча материалдар сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу ИИМдин тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов брифингде билдирди.
"Биздин маалыматка караганда, шайлоочуларга 1000 сомдон 3000 сомго чейин акча сунушталган. Талапкерлер же алардын тарапташтары жолду асфальттап же кандайдыр бир объектилерди курабыз деп убада берген учурлар бар. Мындай көрүнүштөр Бишкекте аз, көбүнчө Ош, Нарында байкалууда. Административдик ресурсту колдонуу фактысы боюнча 49 иш катталып, анын ичинен жети факты боюнча материалдар сотко жөнөтүлдү", - деди ал.