Дүйнөдөгү эң чоң учак "Мрия" Кыргыз өлкөсүнө учуп келди

Дүйнөдөгү эң чоң учак "Мрия" Кыргыз өлкөсүнө учуп келди. Бул тууралуу Манас эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Дүйнөдөгү эң чоң деп аталган учак Ан-225 «Мрия» бүгүн, 28-ноябрда эл аралык "Манас" аэропортуна конду.
Узундугу 84 метр, бийиктиги 18,2 метр жана жайылган канаты 88,4 метрди түзгөн чоң ата кемесин дүйнөнүн бардык аэропорттору кабыл ала албайт.
«Мрия» өлкөгө үчүнчү жолу учуп келди. Буга чейин ал 2013 жана 2018-жылдары учуп келген.
Ан-225 "Мрия" - дүйнөлүк авиациянын тарыхындагы эң чоң жана жүк көтөрүүчү учак жалгыз гана нускада бар. Авиация майы менен толук толтурулганда 15 миң километрден ашык аралыкты басып өтө алат.
Учак СССРде бир жалгыз гана нускада Киев механикалык заводунда (долбоордун жетекчиси – В. И. Толмачев) 1984-88-жылдары долбоорлонгон жана жасалган. Учак биринчи жолу 1988-жылы 21-декабрда учкан.
Ан-225 учагын курулушунун максаты көп жолу колдонулуучу "Буран" космостук кеме долбоору үчүн аба транспорт системасын түзүү зарылчылыгы себеп болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
ormonkan
2021-11-28 22:16:02
А учуп келген себебин жазсанар болмок
+14
KG-312
2021-11-28 22:17:55
Неге келди? Не алып келди? Ошону жазгыла, келгенине сүйүнбөй!
+12
Kolyaa
2021-11-28 22:32:52
Алтын көбүрөөк чогулуп калганго дейм Дүйнөдөгү эң чооң учакты чакырып калыпсыңар.
+6
Dembele84
2021-11-28 22:39:00
Биздин уйго чоон киши келди-дегендей эле болуп калыптыр го.За что,зачем дегендерди жазсанар айланайын!
+8
akmanai
2021-11-28 22:43:43
Шайлоодон кийин не бар не жок деп чакырган жоксунарбы депутаттар тамаша
+7
Tursunbaev1978
2021-11-28 22:53:34
akmanai,Борончу айтмакчы оптом качалы деппи)))
+5
bond02
2021-11-28 23:11:30
Максаты эмне?
+3
algakaray
2021-11-28 23:58:59
Мрия деп аты укмуш экен. Эмне жук алып келди же эмне жук алып кетет? Же Шайлоодон отпой калгандарды жуктоп кетеби?
+3
Abdizhapar
2021-11-29 00:06:40
Бюллетень алып келбедиби
+1
Mister-XXX
2021-11-29 02:16:33
Супер инфо жазсын деп учуп келиптир.
+1
almanbetperm
2021-11-29 12:49:42
Чон ата кемесиби же чон аба кемесиби?Тушунбой калдымда.
0
Ak_Bulut
2021-11-29 19:37:04
33 кө чыгыптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан