Шайлоонун жыйынтыгын тааныбай жаткан "Ата-Мекен" партиясынын өкүлдөрү бүгүн өз ара жыйын өткөрөт

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышкан "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыккандан кийин добуштарды кол менен эсептеп чыгуу талабын койду. Ал эртең мененкиге чейин добуштар кол менен эсептелбесе, анда түнү менен бюллетендер алмаштырылып кетерин айтты. Ал арада президент Садыр Жапаров добуштарды кол менен эсептөөгө эч ким тоскоол болбой турганын маалымдады.

Бүгүн, 29-ноябрга карата аталган партиянын өкүлдөрүнө кабарлашып, алардын талабы аткарылып жатабы, жокпу билип көрдүк.
"Добуштарды кол менен эсептөөнү БШК жүргүзөт. Азыркы саатка карата маалыматыбыз жок. Партиянын өкүлдөрү түштөн кийин штабга чогулабыз. Анан кандай аракеттерди көрөрүбүздү сүйлөшөбүз. Буга чейин айткандарыбыздын аткарылышын талап кылабыз", - деди Динара Турдугулова.

28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жыйынтыкталды.

Шайлоо тилкелери жабылгандан кийин БШКнын сайты алдын ала жыйынтыктар келе баштагандан кийин мүчүлүштүктөр пайда болуп, сайт бир аз убакыт иштебей туруп калган.

Алдын ала жыйынтык жарыялангандан кийин 4 партиянын өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтышты. Бул туурасында алар 29-ноябрга караган түндө уюштурган маалымат жыйында билдиришти. Маалымат жыйынга катышкан "Ата Мекен", "Улуттар Биримдиги", "Социал-Демократтар" жана "Азаттык" партиясынын лидерлери, өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоону таза өткөрүүнү талап кылышты.

VII чакырылышка жалпы 90 депутат өтөт. Ага 21 партиядан талапкерлер жана бир мандаттуу шайлоо округунан 286 талапкер ат салышты. Анын ичинен 54 мандат партиядан коюлган талапкерлерге берилсе, 36сы бир мандаттуу шайлоо округдан жеңип чыккандар болот.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан