"Мен ар дайым эл мененмин". Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жаныбек Абиров шайлоочуларга кайрылды

Тектеш кабарлар: Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо - 2021 (430 материал)

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттыгына талапкер Жаныбек Абиров шайлоочуларга кайрылуу жасады.

"Урматтуу борбор калаанын тургундары! Бала кезимден бери Бишкек шаарында жашап келе жаткандыктан борбор калаага тиешелүү маселелер мага жакшы тааныш. Буга чейин шаардык кеңештин депутаты болуп, жетиштүү тажрыйба топтодум. Эмне кылбайын, кандай кызматта иштебейин, кандай гана жумушта иштебейин мен эч качан карапайым элден алыстабайм, алар менен байланышуудан качпайм, алардын көйгөйлөрүнөн, түйшүктөрүнөн алыстабайм. Дайыма эл менен болуп, курч маселелерди чечүүгө жардам берем.
Шайлоочулар менен командамдын алдындагы чоң жоопкерчиликти сезип турам. Алар мага ишенерин билем. Мына ушуга таянып, бир мандаттуу №26 Ленин райондук шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигимди койдум.
Менин шайлоо алдындагы программама Кыргызстандын турмушунун бардык орчундуу аспектилерин камтыйт. Айрыкча, борбор калаага байланышкан маселелерге жана мамлекеттик органдардын жергиликтүү бийлик менен болгон өз ара аракеттенүү механизмдерине көңүл бурам. Бул механизмди ишке киргизүү менен күнүмдүк маселелерди ыкчам, сапаттуу чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт, жашоо деңгээли көтөрөт.

Мекендештер менен бекем байланыш жана турмуштук тажрыйба мага Жогорку Кеңешке басым жасай турган артыкчылыктарды аныктоого жардам берди:

- Бюджетти республикалык жана жергиликтүү деңгээлде натыйжалуу бөлүштүрүү;

- Кичи жана орто бизнести колдоо;

- Архитектура жана шаар куруу ченемдерин жакшыртуу;

- Мамлекеттик жана муниципалдык турак жайды менчиктештирүү мыйзамын жакшыртуу;

- экологияны коргоо – жашыл экономиканы өнүктүрүү, газдаштыруу, жашыл аймактын аянттарын көбөйтүү;

- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;

- Калктуу конуштарды өнүктүрүү үчүн бюджеттик каржылоону көбөйтүү – канализациялык тутумдарды, суу менен камсыз кылуу жана жарыктандыруу системаларын, ошондой эле жолдорду, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданий объектилерди куруу.

Ар бир адамга чөйрөсү чоң таасир этет. Көп жыл мурда менин айланама жаш, билимдүү, чынчыл жана эмгекчил патриот адамдар топтолгон. Алар мага Бишкек шаардык кеңешинде депутат болуп иштеп жүргөндө чоң жардам көрсөттү, учурда да алар мени менен бирге. Алар менин командам. Мен шаардык кеңештин депутатына шайланып келген “Жал” кичи районунда жана эски аэропорттун аймагында, дегеле бүтүндөй шаар боюнча үзүрлүү иштедик. Бирок шаардык кеңештин ыйгарым укуктары чектелүү болгондуктан, көптөгөн маселелердин чечилишинде тоскоолдуктар болбой койгон жок. Мындан улам элге жана өлкөгө көбүрөөк пайда алып келүү үчүн Жогорку Кеңеште жигердүү эмгектенүү керектигин түшүндүм.
Урматтуу бишкектиктер! 28-ноябрда шайлоо тилкесине келип, мага добуш бересиздер деген үмүттөмүн. Парламентке келүү менен мен сиздердин депутатыңыздар гана эмес, өнөктөшүңөр жана пикирлешиңиздер боло алам. Биз шаарда жана өлкөдө масштабдуу иштерди жүргүзөрүбүзгө күбө болосуздар!

Урматым менен, Жаныбек Абиров".

Аткаруучу: "Супер.кж" ЖЧКсы, дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109, 4-кабат.
Нускасы: 1даана, чыгарылган датасы: 2021-ж. 29-октябрь.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абиров Жаныбек Болотбековичтин шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ахметбекова Асел Аширалыевна тарабынан төлөндү.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан