Парламенттик шайлоодо шайлоочулардын колуна 2 бюллетень берилет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына БШКнын шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Төлөгөн Айтикеев билдирди.
"Шайлоо күнү бир шайлоочуга 2 бюллетень берилет. Анын бири партиялык тизме боюнча, экинчиси бир мандаттуу шайлоо окуругу боюнча болот. Бир мандаттуу округ тууралуу айтсак, кайсы округда канча талапкер болсо чүчү кулак өткөрүлүп, бюллетенге жайгаштырылат. Партиялык тизме боюнча бюллетень эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгүндө чүчү кулак өткөрүлүп, саясий партиялардын аталыштары турат. Экинчи бөлүгүндө ошол партиянын тизмесиндеги 54 талапкердин катары менен дал келе тургандай номерленген бош орун болот. Шайлоочу саясий партияга жана ошонун ичиндеги өзү тандаган талапкерди таап белги коёт", - дейт ал.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.