Бишкектеги көп кабаттуу батирдин балконунан аял киши өз өмүрүн кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, Манас кең көчөсү менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 8-кабатындагы батирдин балконунан аял киши (аты-жөнү такталууда) өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу жана саат 18:38де штаб тартылган. Мындан сырткары жеринде ИИМдин кызматкерлери иш алып барууда.
Кошумча маалымат берилет.