Бүгүн, 20-мартка карата коронавирус дагы үч жарандан аныкталды. Алар Ноокат районунун тургундары, умра сапарына барып келгендиги белгилүү болду. Учурда изоляцияга алынды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 20-мартта өтүп жаткан маалымат жыйында билдирди.
“Кооптонууга негиз жок, карантинди сактап, көп эл чогулган жайларга жана иш-чараларга барбай, эгерде кандайдыр бир оору белгилери байкалса, үйдөн чыкпастан "Тез жардам" кызматына байланышып, медиктердин сунуштамаларын так аткаруу кажет”, - деп билдирди министр.
20-мартка карата өлкө боюнча коронавирус менен 6 жаран жабыркап жатат.