Бир суткада 50 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Анын ичинде Бишкек шаары – 24, Чүй облусу – 9, Ош облусу – 5, Талас облусу – 2, Нарын облусу – 1, Жалал-Абад облусу – 3, Баткен облусу – 6.
Жалпы 183 миң 510 адамдан коронавирус аныкталган.
Өткөн суткада 74 бейтап илдеттен сакайды. Жалпы айыккандардын саны 178 миң 478 бейтапты түздү.