Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 14 миң 231 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 239 адам каза болсо, 7 миң 920 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 4573 (айыккандар 1970);
Санкт-Петербург - 602 (айыккандар 300);
Москва облусу - 429 (айыккандар 244);
Ростов облусунда - 280 (айыккандар 307) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 340 миң 409 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 23 миң 205 адам каза болсо, 1 миллион 39 миң 705 бейтап айыгып чыкты.