2-майда 24 Кыргыз жараны Таиланд жана Камбоджадан өлкөгө кайтып келишти. Мындай маалымат республикалык штаб тарабынан белгилүү болду.
"Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өз ара аракеттешүүсүндө жарандарды кайтарып алуулар иштелип чыкты. Ага ылайык, 2-майда Шымкент шаарынын эл аралык аэропортунда коммерциялык чартердик аба каттамы менен Таиланд жана Камбоджадан Кыргыз жергесине 24 жаран кайтып келишти. Жарандар атайын транспорттор менен өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда Бишкекке келишти.
Азыркы учурда өлкөгө кайтып келген бардык жарандар медициналык мекемелердин биринде белгиленген тартипте байкоо жүргүзүүгө (обсервацияга) жайгаштырылды", - деп айтылат маалыматта.