Бишкек шаарындагы "Азия Молл" жана "Дордой Плаза" ири соода борборлору шаардагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кайрадан жабылат. Мындай маалымат аталган соода борборлордун социалдык тармактагы жеке баракчасына жайгашты.
"Урматтуу достор! Республикада инфекцияны жуктургандардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу "Азия Молл" белгисиз убакытка карантинге чыгат. Биринчи кабат мурдагыдай режимде иштейт", - деп жазылган "Азия Молл" соода борборунун социалдык тармактагы баракчасында.
Ушундай эле кайрылуу менен "Дордой Плаза" соода борбору эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуп жаткандыгын билдирген.
Мындан тышкары, "Техно Парк" оюн-зоок борбору жана "РИОМ" унаа базары дагы карантинге жабылат.
Кыргыз өлкөсүндө коронавирус инфекциясы жалпы 8 миң 41 адамдан аныкталды. 99 адам каза болсо, 2 миң 916 бейтап айыгып чыкты.