MegaCom 2021-жылдын 11 айындагы ишинин жыйынтыгы боюнча отчёт берди

MegaCom уюлдук оператору бизнести ачык жүргүзүү максатында, 2021-жылдын 11 айындагы компаниянын каржылык иш-аракеттери боюнча отчётту жарыялады. Жыйынтыктарга сереп салсак, «Альфа Телеком» ЖАКсы өтүп бара жаткан жылы жетекчиликтин алмашуусу менен таза кирешени 500 миллиондон 1,5 миллиард сомго чейин көбөйткөн.

Эске салсак, ноябрь айынын соңунда президент Садыр Жапаров Коопсуздук Кеңешинин жыйынында мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү зарылчылыгына токтолуп, мамлекеттик мүлктөрдүн каржы-чарбалык иш-аракеттери жөнүндө актуалдуу маалыматтар менен бийлик тааныш болуп турушу керек экендигин белгилеген.

«Таза кирешенин көлөмүн көтөрүү – компаниянын кызматкерлеринин эффективдүүлүгүн жакшыртуунун, кадрларды оптимизациялоонун эсебинен жетишилди. Бизнеске байланышпаган, өнүмдөр болбогон мүнөздөгү иштерге чыгымдар азайтылды, – деди өлкө башчысынын сөзүнө карата комментарий берип жатып «Альфа Телеком» ЖАКсынын башкы директору Азат Базаркулов. – Мындан тышкары, MegaCom салык жана башка төлөмдөрдүн өскөнүн көрсөттү. Жыштыкты сатып алуудан эле компания узап бара жаткан жылы мамлекеттик казынаны 763 миллион сомго толуктады».

«Ачык бюджет» порталынын маалыматына ылайык, 2021-жылдын 3-декабрына карата «Альфа Телеком» ЖАКсы тарабынан мамлекеттин пайдасына 2,5 миллиард сом өлчөмүндөгү төлөмдөр төлөндү. Азат Базаркуловдун айтымында, MegaCom уюлдук оператору кирешени мындан ары дагы көбөйтүүнү максат кылууда. Ошондой эле компания Кыргызстан боюнча тармакты кеңейтүү боюнча пландык иштерин жана ыңгайлуу тарифтик пландарды, актуалдуу санарип кызматтарды ишке киргизүүнү улантат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан