Нарында түндө жол кырсыгы катталып, 2 адам мерт кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсык 6-декабрга караган түнү саат 00:22 чамасында катталды.
"Кочкор районунун Семиз-Бел айылында БМВ үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 1 эркек, 1 аял киши каза болду (аты-жөндөрү такталууда). Куткаруучулар эркек кишинин жансыз денесин унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Жерине 4 куткаруучу, милиция кызматкерлери жана "Тез жардам" кызматы тартылды", - дешти министрликтен.