Ош облусунун Кара-Суу районунда жол кырсыгы катталып, 4 адам каза болду. Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, кырсык 5-декабрга караган түнү болду.
Белгилүү болгондой, 5-декабрга караган түнү саат 01:00 чамасында Кара-Суу районунун Баш-Булак айылында Мерседес-Бенц жана Хонда үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.
"Мерседес-Бенц унаасын Алай районунун 31 жаштагы тургуну башкарып бара жаткан. Ал эми Хонда унаасы 54 жаштагы Алай районунун тургунунун башкаруусунда болгон. Кырсыктын кесепетинен Хонда унаасынын айдоочусу, жүргүнчүлөрү 1966-жылы туулган Э.А., 1960- жылы туулган Д.С., 1974-жылы туулган Э.Г. окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми 1972-жылы туулган А.Н. аттуу жүргүнчү жана Мерседес-Бенцтин айдоочусу Ош облустук ооруканага жеткирилген.
Бул жол кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - дешти маалымат кызматынан.