Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын биринчи президенти - Эл башы Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен маалымдашты.
"Акылбек Жапаров жана Нурсултан Назарбаев эки тараптуу кызматташтыктын бир катар маселелерин талкуулады, өзгөчө басым соода-экономикалык тармактагы маселелерге, атап айтканда эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү кеңейтүү маселесине жасалды. Биринчи президент - Эл башы Нурсултан Назарбаев белгилегендей, биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер бир туугандык жана коңшулук принциптерге таянат", - деп жазылат билдирүүдө.
Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Нурсултан Назарбаевди жана Казакстан Республикасынын элин алдыдагы Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктаган жана өлкө башчы Садыр Жапаровдун атынан куттуктоо сөзүн билдирген.