Биз социалдык тармакта

Шакира Испаниянын салык кызматына каршы сотто жеңишке жетти

Белгилүү ырчы Шакира Испаниянын салык кызматына каршы соттук териштирүүдө жеңишке жетишти. Сот ырчыга мурда төлөнгөн салыктарды жана айып пулдарды кошкондо 60 миллион евродон ашык каражатты кайтарып берүү чечимин чыгарды.

Маалыматка ылайык, Испаниянын Улуттук соту ырчыга карата мурда коюлган салык дооматтарын жараксыз деп тапкан. Иш 2011-жылдагы кирешелерге байланыштуу болгон. Испания бийлиги Шакираны өлкөнүн салык резиденти деп эсептеп, дүйнөлүк кирешесинен, анын ичинде ири концерттик турдан түшкөн каражаттан да салык төлөшү керек деп билдирген.

Испания мыйзамдары боюнча адам жыл ичинде өлкөдө кеминде 183 күн жашаса гана салык резиденти болуп эсептелет. Ырчынын жактоочулары анын Испанияда талап кылынган убакыттан аз болгонун далилдеп беришкен.

Соттун чечиминен кийин Шакира акыркы сегиз жылдан бери кысымга жана коомдук сынга кабылганын, бул окуя ден соолугуна жана үй-бүлөсүнө олуттуу таасир тийгизгенин айтты.

“Эч кандай алдамчылык болгон эмес жана муну салык кызматы да далилдей алган жок”, - деп билдирген ырчы.

Ошол эле учурда бул окуя толук жыйынтыктала элек. Испаниянын салык органдары чечимди Жогорку сотко даттанууга укуктуу.

Белгилей кетсек, бул Шакира менен Испания бийлигинин ортосундагы биринчи ири соттук териштирүү эмес. 2023-жылы ырчы 2012-2014-жылдардагы салыктар боюнча дагы бир иште күнөөлүү деп табылып, абак жазасы ири айып пул менен алмаштырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан