Хабиб Нурмагомедов: "Орусиядан учуп кете албай калдым. UFC уюму Фергюсонго башка атаандаш издеп жатат"

UFC уюмунун чемпиону орусиялык Хабиб Нурмагомедов өлкөдөн коронавирус пандемиясынан улам учуп чыга албай калгандыгын, азыркы учурда Дагестанда экенин, UFC уюму буга байланыштуу америкалык мушкер Тони Фергюсонго башка атаандаш издеп жаткандыгын өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу түз эфирде бүгүн, 30-мартта айтты.

"Азыркы учурда мен Дагестандамын. Машыгып жатам. Бирок эмне үчүн машыгып жатканымды билбейм. Мага азыр UFC уюму бул беттешти АКШнын кайсы бир штатына өткөрүүнү сүйлөшкөндүгү тууралуу маалымат келди. Бирок мен азыр Орусиядан учуп кете албайм. Мага жеткен маалыматтар боюнча UFC уюму Фергюсонго башка атаандаш издеп жатыптыр", - деп билдирди орусиялык мушкер түз эфирде.

Маалыматка ылайык, буга чейин Хабиб Нурмагомедов бүгүн, 30-мартта Орусиянын аймагынан чыгып кетпесе, аталган өлкө коронавирус пандемиясынан улам чек арасын жапкандыгына байланыштуу беттешке катыша албай кала тургандыгы кабарланган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Kuba-savai87
2020-03-30 17:47:03
Ушуну менен дагы беттешбей калабы? Канчанчысы уже
+1
Alixan-Nookat.2015
2020-03-30 18:18:47
UFC уюмуда жөн эле кысып турбайбы мындай кырдаал болуп жатканда
0
ilgizk
2020-03-30 19:05:05
Оопшим 3 тамга экенсиңер ...
+3
Jeltelmen.99
2020-03-30 20:11:47
ilgizk, 3 тамга болсо жакшыы оопшим 2 эле тамга экен булар
+3
rususu
2020-03-30 19:35:09
ilgizk,мен да ушундай жооп жазайын деп аткам
0
Abdizhapar
2020-03-30 19:39:17
Путин менен суйлошуп Хабиб озу жалгыз эле самолет жалдап учуп кетсе болот гонорары 800миллион рубль болсо
+1
nemo2016
2020-03-30 19:55:16
Шылтоосун тугонбойт экенда бул экоонун
+4
talant87
2020-03-30 21:53:28
Андан Коро масквага келгиле десе
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан