Түркия парламентинин жыйындар залында депутаттар мушташа кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Түркиянын 2022-жылдагы бюджетин талкуулоо маалында Республикалык Элдик партиясынан депутат менен ички иштер министри бири-бирине кемсинткен сөздөрдү айтып мушташа кетишкен.
Парламентте Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын "Адилеттик жана өнүгүү" партиясынын парламенттеги фракция мүчөлөрү Республикалык элдик партиянын лидери Кемал Кылычдароглунун сөзүн бөлүп, сүйлөтпөй, үзгүлтүккө учурата баштаганда да ызы-чуу чыккан.