Бишкек-Ош жолундагы 10 адамдын өмүрүн алган кырсык. Mercedes-Benz Sprinter унаасынын айдоочусу 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди Кара-Суу райондук соту чыгарган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
16-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районунун Бишкек-Ош унаа жолунда КамАЗ менен Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 7 адам каза болгон.
SUPER.KG порталына Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери Алтынбек Тенгизбаев кырсыктын чоо-жайын айтып берген. Анда алдын ала маалыматтарга караганда, жүргүнчү ташыган Спринтер унаасы жол эрежесин одоно бузуп, карама-каршы тилкеге чыгып айдагандан улам жол кырсыгы келип чыкканы айтылган. Кырсыктан каза болгондордун арасында кош бойлуу келин бар болгону, аты-жөнү такталбай жатканын ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришкен.
17-ноябрда ооруканада 15 жаштагы кыз каза болгонун Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкен.
Кечээ, 23-ноябрда 25 жаштагы бала да каза болгону маалымдалган.