Каза болгондордун саны 9га жетти. Бишкек-Ош жолундагы адам өмүрүн алган кырсыктан жабыркагандардын абалы оор

Бишкек-Ош жолундагы 8 адамдын өмүрүн алган кырсыктан жабыркаган дагы бир 25 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу Ош облустар аралык ооруканасынын директору Талант Арстанкулов билдирди.

"Азыркы учурда Ош облустар аралык ооруканада 6 бейтап жатат. Алардын үчөө нейрохирургияда, экөө травматологияда. Бир бейтапка азыр операция жасалды. Дагы эки наристе балдар ооруканасында. Ооруканадагылардын абалдары оор, бирок туруктуу деп бааланып жатат.

Балдар ооруканасында 2 наристе бар. Кечээ, 22-ноябрда Кара-Суу районунун тургуну каза болду. Ал ооруканага түшкөндөн бери комада болчу", - деп билдирди Талант Арстанкулов.

16-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районунун Бишкек-Ош унаа жолунда КамАЗ менен Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 7 адам каза болгон.

SUPER.KG порталына Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери Алтынбек Тенгизбаев кырсыктын чоо-жайын айтып берген. Анда алдын ала маалыматтарга караганда, эл ташыган Спринтер унаасы жол эрежесин одоно бузуп, карама-каршы тилкеге чыгып айдагандан улам жол кырсыгы келип чыкканы айтылган. Кырсыктан каза болгондордун арасында кош бойлуу келин бар болгону, аты-жөнү такталбай жатканын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирген.

17-ноябрда ооруканада 15 жаштагы кыз каза болгонун Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dftyhbv
2021-11-23 17:34:03
Инна лиллахи уа инна илайхи рожиун
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан