Бишкек-Ош жолундагы 7 адамдын өмүрүн алган кырсык. Ооруканада 15 жаштагы кыз каза болду

Бишкек-Ош жолундагы 7 адамдын өмүрүн алган кырсык. Ооруканада 15 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ош облустук ооруканада азыр 6 адам жатат. Абалдары оор. Травматологияда 2 адам, абалдары орто. Ал эми шаардык ооруканага бир адам жаткырылган. Абалы оор деп бааланууда. Балдар ооруканасында 2 жаш бала бар", - деди басма сөз кызматы.

Кечээ, 16-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районунун Бишкек-Ош унаа жолунда КамАЗ менен Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 7 адам каза болгон.

SUPER.KG порталына Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери Алтынбек Тенгизбаев кырсыктын чоо-жайын айтып берген. Анда алдын ала маалыматтарга караганда эл ташыган Спринтер унаасы жол эрежесин одоно бузуп, карама-каршы тилкеге чыгып айдагандан улам жол кырсыгы келип чыкканы айтылган. Кырсыктан каза болгондордун арасында кош бойлуу келин бар болгону, аты-жөнү такталбай жатканын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан