Бишкек шаарында бир сутка ичинде 281 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Мухидин Зайлабидинов брифинг берип жатып билдирди.
Илдет аныкталгандардын райондор боюнча бөлүнүшү:
Ленин району - 90
Октябрь району 57
Биринчи Май району - 46
Свердлов району - 41
Ошондой эле башка аймактардан келгендер - 47.
"Борбор калаада үй шартында 46, ооруканада 35 бейтап дарыланууда" деди Зайлабидинов.