"Жасалма дем алдыруу аппаратына кошулду". Тажикстанда карантинде жаткан бейтаптын абалы оор экени айтылды

Тажикстандын Согдий облусундагы ооруканада карантинге алынып жаткан бир бейтаптын абалы оор экенин тажик басылмалары жазышууда.

Ага ылайык, 56 жаштагы Абдулхалил Журабаев 14-апрелде дене табы жогору болуп, 4 күн бою түшпөй койгондуктан ооруканага жаткырылган.

"Бейтаптын дене табы жогору болсо дагы үйдө жата берген. 14-апрелде түшкөн бейтаптын абалы эртеси күнү оорлошуп, дене табы жогорулап, кан басымы төмөндөп кеткен. Учурда ал жасалма дем алдыруу аппаратына кошулду. Дарыгердин айтуусу боюнча учурда бейтаптын абалы оор, анын үй-бүлөсүнүн 5 мүчөсү дагы карантинге жаткырылган. COVID-19га анализ тапшырышкан. Жыйынтыгы эртең чыгары күтүлүп жатат.

Айрымдар Журабаев 2020-жылдын 1-апрелинде каза тапкан Хабибулла Шодиев аттуу тууганын жерге берүү зыйнатына катышканын айтышкан. Мындан тышкары Журабаев маркумду жуунтуу процессинде да болгон. Расмий маалыматтар боюнча, маркум Хабибулла Шодиев эки тараптуу пневмония илдетинен улам көз жумган. Ал каза тапкандан кийин 11 дарыгер жана медайым, ошондой эле туугандары коронавируска анализ тапшырышкан", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, Тажикстанда коронавирус жуктуруп алгандар жок экенин Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму расмий тастыктап келет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
KalenAlmaz
2020-04-19 12:49:38
Барды бар жокту жок дегиле да ооруну жашырып не жайылып кетсе отрасынар анан горунгондон жардам сурап.
+7
Milduri
2020-04-19 15:11:03
Тажикстанда коронавирусту аныктоочу тесттер жок, аныктай алышпайтко.
+4
Aikaaaa
2020-04-19 15:31:08
Бизде мына бүттү деп жай турмушубузга киргенде, ушулар күчөтүп ийип кайра отурат эмеспизби, зыяндары өзүлөрүнө эле тийбестен коңшу өлкөлөргө да тиет. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмдары киришишсе болмок. Оюнчук эмес
+3
Aimani
2020-04-19 18:05:46
Ооруну жашырсан өлүм ашкере кылат деген ушул да
+3
Kitep
2020-04-19 18:35:54
Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат.
+2
faraon312
2020-04-20 00:42:57
Тажикбайлар өздөрүн кыйнап эле жашырып атышат...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан