Москвадагы метролордун биринде коронавируска кабылган адамды туурап пранк уюштурган тажикстандык блогер 8-мартка чейин СИЗОго киргизилди. Коомдук транспортто жосунсуз тамаша уюштурган окуяга тиешеси болушу мүмкүн деп дагы 5 адам текшерилүүдө. Алар 17-25 жаштагы Тажикстан, Кыргыз өлкөсү жана Орусиянын жарандары. Бул тууралуу орусиялык РенТВ телеканалы маалымдады.
Эске салсак, буга чейин Кароматулло Жаборов аттуу тажик блогери Москвада метродо пранк уюштуруп, видео интернет желесине жайылган соң блогер кармалганы тууралуу жазганбыз.