Бишкек: Эртең менен "Тазалыктын" кызматкерин унаа коюп кетти. Ал каза болду

Бүгүн, 12-декабрь күнү эртең менен Бишкекте "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерин унаа коюп кетип, ал окуя болгон жерден каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, жол кырсыгы эртең менен саат 06:45 чамасында Жибек Жолу жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде катталган. Анда Mazda унаасынын айдоочусу жолдогу "Тазалык" ишканасынын кызматкерин сүзүп кеткен. Жаракат алган жаран ооруканага жетпей каза болгон.

Кылмышка шектелип Mazda унаасынын 23 жаштагы айдоочусу кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Roten_jiu
2021-12-12 14:56:49
Жаман
+2
VENOM
2021-12-12 16:13:01
Энең дурайын акмак экен айдоочу
+2
TIMON_BERKOWITZ
2021-12-12 16:49:55
VENOM, кырсык дейт мындайды, акмак дебейт. Айдоочу да атайын коюп кетпейт, же пешеход өткөзбөй койгондон болбойт. Тазалыктын кызматкердерди тобокел менен жол тазалашат. Айдоочулар да аларды айланып өткөнгө аракет кылышат. Бирок кырсык..
+1
bratanyn
2021-12-12 19:19:23
Машина уруп кетти же сүзүп кетти дегилечи.
+1
AdylbekB84
2021-12-12 23:08:15
Россиядагыдай жолду машиналар шыпырып тазаласа болбойбу, бизде жолду эртелеп жерге жарык түшөлек колдо шыпырышат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан