Кечээ, 12-декабрда Бишкек шаарында жаа атуу боюнча Кыргыз өлкөсүнүн чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдештер чоңдор жана жаштар арасында өткөрүлүп, жалпысынан чемпионатка 50дөй спортчу катышкан.
Белгилей кетсек, мелдеш Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын жаа атуу федерациясы тарабынан өткөрүлгөн.