Борбордук шайлоо комиссиясы Биринчи Май округунда шайлоо болбой калды деп таанылды. Бул тууралуу чечим аталган комиссиянын жыйынында кабыл алынды.
"Биринчи Май округу боюнча шайлоого 30,04 шайлоочу катышкан. Биринчи Май округу шайлоо комиссиясынын чечими менен добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылган. "Баарына каршы" деп 11 миң 9 добуш берилген. Мыйзамга ылайык, эгерде баарына каршы добуш көп болсо, БШК тарабынан бул шайлоо болбой калды деп таанылат", - деди баяндамачы.