Депутат Мурадыл Мадеминов гемодиализге муктаждарга бөлүнүүчү каражатты көбөйтүү керектигин айтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 13-декабрдагы Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин кезектеги отурумунда 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.
Анда депутат Мурадыл Мадеминов гемодиализге муктаждарга бөлүнүүчү каражатты көбөйтүү керектигин белгиледи. Финансы министри Алмаз Бакетаев сунушталып жаткан бюджет социалдык багытта экенин маалымдап, бул жаатта 109 миллиард сом караларын кошумчалады.