"COVID-19суз саякаттайм" тиркемесине кошулган лабораториялардын тизмеси толукталды

"COVID-19суз саякаттайм" платформасына туташтырылган ата мекендик лабораториялардын тизмеси толукталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда ПЦР-тесттен өтүүгө болот, анын жыйынтыгы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде кабыл алынат. 2021-жылдын декабрынан тартып «Human» лабораториясы бул платформага туташтырылган.

“COVID-19суз саякаттайм” тиркемесинде колдонуучулар ЕАЭБ алкагында коопсуз трансчек аралык саякатка багытталган жалпы санариптик демилгеге кирген бардык жеткиликтүү лабораториялардын толук тизмесин, картадан жайгашкан жерин, иш графиги жана байланыш маалыматтарын көрө алышат.

Лабораториялардын тизмеси:

Мамлекеттик лабораториялар:

  • Саламаттыкты сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти;
  • Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, Бишкек шаары;
  • Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, Ош шаары;
  • Ысык-Көл Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, Чолпон-Ата шаары;

Менчик лабораториялар:

  • ЖЧК "Aqualab";
  • ЖЧК "Гемотест КГ";
  • Экспресс Плюс;
  • ЖЧК "БЭМАН ГРУПП" (МЕДИКАНА Плюс);
  • ЖЧК "Интелмед" (Бонецкий лабораториясы);
  • ЖЧК "АМСБИО ЛАБ";
  • ЖЧК "Интермедикал";
  • "HUMAN" диагностикалык лабораториясы;
  • "Здоровье" лабораториясы.

Кыргыз Республикасы санариптик демилгеге катышкан мезгилде мобилдик тиркеме 560 миңден ашык жолу колдогон, 4,3 миң жолу оң натыйжа берген.

Маалымат үчүн: “COVID-19суз саякат” тиркемеси Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнө саякаттоону пландагандар үчүн иштелип чыккан. Учурда тиркемеге ЕАЭБ өлкөлөрүнөн тышкары Азербайжан, Молдова, Тажикстан жана Өзбекстан кошулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан