2021-жылы "Аалам сулуусу" сынагын жеңип алган индиялык 21 жаштагы Харнааз Сандхунун жашоосу сизге деле кызык болсо керек. Израилде өткөн финалда ал дүйнөнүн 79 өлкөсүнөн келген атаандаштарынан мыкты боло алды.
"Аалам сулуусу" наамынын жаңы ээси 17 жашынан бери сулуулук сынактарына катышып келет. 2017-жылы Харнааз Сандху "Мисс Чандигарх" наамын жеңип алган, ал эми эки жылдан кийин Miss India Punjab Femina сынагында биринчи орунду алган. 2021-жылдын сентябрь айында "Аалам сулуусу" сынагына Индиянын атынан катышуу үчүн өткөрүлгөн "Мисс Дива" сынагында жеңүүчү аталган.
Харнааз Сандху Индиянын түндүгүндөгү Чандигарх шаарында төрөлүп-өскөн. Ал апасын өзүнө негизги дем берүүчү деп айтып келет. Анын апасы гинеколог болуп иштейт.
"Аалам сулуусу" тамак жасаганды, ат мингенди, йоганы, бийлегенди жана шахмат ойногонду жакшы көрөт. Анын жашоодогу цитатасы: "Бир күнү сенин бүт жашооң көз алдыңда элестелет. Биз аны элестетүү үчүн татыктуу болгонго аракет кылышыбыз керек".
Мындан тышкары, Харнааз Сандху тасмаларда да роль жаратат. Ал Болливуд жылдызы Приянка Чопрадан үлгү аларын айтып келет.
"Өзүңөрдү башкаларга салыштырганды токтоткула, келгиле, дүйнөдө болуп жаткан маанилүү нерселер жөнүндө сүйлөшөлү" деп адамдарды чакырып келет.
Харнааз Сандху Индиянын тарыхында "Аалам сулуусу" аталган үчүнчү бийкеч. Буга чейин 1994-жылы Сушмита Сен жеңген болсо, 2000-жылы Лара Дутта "Аалам сулуусу" аталган. Экөө тең актриса болгон жана престиждүү профессионалдык сыйлыктарга ээ болушкан.