Бишкек шаарында жайгашкан №62 мектеп онлайн окуу форматына өттү. Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.
Алардын айтымында, аталган мектепте бир окуучу жана бир мугалимден коронавирус илдети аныкталган.
"№62 мектепте бир мугалим, бир окуучудан коронавирус илдети аныкталгандыктан бүгүндөн баштап 24-декабрга чейин 1-класстан 11-класска чейин онлайн окууга жөнөтүлдү", - деп билдиришти мекемеден.
Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарында жайгашкан №56 мектеп коронавируска байланыштуу карантинге жабылганы айтылган.