Бостеридеги аквапарктан каза тапкан жигиттин иши боюнча тергөө иши аяктады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл ОИИБинин тергөө кызматынын тергөөчүсү сотко чейинки өндүрүштүн материалдарын иликтеп чыгып, жетиштүү далилдердин бар экендигин эске алуу менен кылмышка шектүү катары 1964-жылы туулган Т.А. аттуу жарандын ишин сотко өткөргөн. Т.А. Станислав Ситников каза болгон Бостери айылында жайгашкан «Алтын-Кум» эс алуу жайындагы аквапарктын кожоюну.
Эскерте кетсек, "Алтын-Кум" пансионатында аквапарктын түтүкчөсү 18 жаштагы С.С. аттуу жигитти соруп кеткен. Жерине ӨКМнын, ИИМдин кызматкерлери жана эс алуучулар тартылып, түтүкчөнү кесип баланын жансыз денесин алып чыгышкан.