ЕАЭБ алкагында стратегиялык багыттарды ишке ашырууга байланышкан маселелер талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, республиканын Евразия экономикалык комиссиясына катышуусу өлкөнүн тышкы экономикалык саясатындагы артыкчылыктуу багыт катары калууда.

"Биз Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында мындан аркы маңыздуу кызматташууну максаттуу түрдө өнүктүрүүнү жактайбыз. 2022-жылдын 1-январынан тарта ЕАЭБ органдарына төрагалык кылуу Кыргыз Республикасына өтөт. Биз евразиялык экономикалык интеграциянын стратегиялык багыттарын ишке ашырууга умтулуудабыз", - деди ал.

Михаил Мясникович өз кезегинде өлкөнүн 2022-жылы ЕАЭБ органдарына ийгиликтүү төрагалык кылуусуна көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

"Албетте, республиканын ЕАЭБ органдарына төрагалык кылуусу – абдан маанилүү милдет. Ушул жыл Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө кошумча дем берүү катары кызмат кылуусун каалайт элек. Биз аны ийгиликтүү өткөрүү үчүн күч-аракетибизди жумшайбыз", - деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЕАЭБ алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, анын катарында ЕАЭБ алкагында стратегиялык багыттарды ишке ашырууга байланышкан маселелер талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bishkek-Kg
2021-12-16 20:11:27
ЕАЭБ силерди не когда тоотпойт, даже адам ордунда көрбөйт, без толк эле жолугушуп жүрө бересиңер!!!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан