Акыркы суткада коронавирус илдетинен дарыланып жаткандардын ичинен дагы 2 бейтап каза болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин статистикалык маалыматына караганда, каза болгондордун бири Таласта, экинчиси Бишкекте катталды.
Белгилүү болгондой, бейтаптардын бирөө пневмониядан, бири COVID-19дан көз жумду. Алар эмдөө албагандар.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата каза болгондордун жалпы саны 2779 кишини түздү.