Алымкадыр Бейшеналиев: "Өлкөгө май айында 400 миң доза AstraZeneca вакцинасы келет"

Кыргыз өлкөсүнө жакында COVAX тутумунун алкагында коронавируска каршы 2 миллион 600 миң доза вакцинасы келет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

"Май айында 400 миң доза AstraZeneca вакцинасы келет. Биринчи келген Кытайдын Синофарм вакцинасы 55 өлкөдө колдонула баштаган. Спутник V вакцинасы 20 миң доза келди. Жакында дагы 100 миң доза келет. Жарандар үч вакцинанын ичинен тандап ыктыярдуу түрдө эмдөө ала беришет.

Аткаминерлерден эч ким эмдөө ала элек. Алар азырынча албайт. Алгач жогоруда айтылгандай эле 55 жаштан жогору курактагылар жана өнөкөт оорусу бар жарандар алышат", - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Белгилей кетсек, өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта старт алып, анда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев биринчилерден болуп эмдөөдөн өткөн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rahim76
2021-04-26 13:28:01
Дуйно эли 'Actra Zeneca"дан отказ кылып атса,
бмздикилер алабыз дейтко.Россиянын "Спутник V,ны
алганы эле суйлошо берсе жакшы болот эле.
+8
Asmat84
2021-04-26 13:49:38
Бул кишинин сөзүнө ишениш кыйын болуп калды кечээ эле президент өзү түшүндүрүп берет уу коргошун жөнүндө деди эле бүгүн президенттин катчысы андай эмес деп чыкты. Министр дегендин сөзү кичине серезныйраак болсо...
+4
Future11
2021-04-26 18:43:13
Asmat84, Менин оюмча ал жөн гана шоу болчу. Элдин көнүлүн башка жака буруп койушту. Акырын ызы чууда Матраимовду бошотуп койушту
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан