Тоңдо 73 жана 65 жаштагы эки жаран балык уулоого кеткен бойдон дайынсыз болууда

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда балык уулоого кеткен эки жаран дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар балык уулоого 14-декабрь күнү кетишкен. Алар Кажы-Сай айылынын 73 жана 65 жаштагы эки тургуну.

ӨКМга жарандардын дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат 16-декабрь күнү келип түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнын Тоң районунун куткаруу кызматынан 4 куткаруучу, 2 суучул жана ИИМден 8 кызматкер тартылган.

Издөө иштери бүгүн, 17-декабрь күнү дагы улантылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан