ГЭС-2 аймагында кечке маал окуучуну жана электр мамысын сүзгөн айдоочу кармалды

Чүйдүн ГЭС-2 аймагында айдоочу окуучуну жана электр мамысын сүзгөн видео тарады. Окурмандардын маалыматына караганда, окуя 17-декабрда кечке маал саат 18:04тө катталган.
Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, айдоочу мас болгон, ал эми жабыркагандар "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген.
Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы маалыматты тастыктады. "Окуя кечээ кечке маал катталды. Айдоочу алгач электр мамысын, андан кийин окуучу кызды сүзгөн. Окуучунун абалы жакшы. Айдоочу кармалды, ал эми унаа айып короосуна токтотулду", - дешти басма сөз кызматынан.
Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан айдоочу мас абалда болгонун белгилейт. Кырсыкка кабылган Хонда Фит унаасын 1984-жылы туулган А.М. башкарып бара жаткан. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө деп кошумчалашты башкармалыктан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан